“Улуттук” статусу бар төрт окуу жайдын жетекчилерин президенттин дайындоосу сунушталды

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлабай, аларды дайындоону сунуштоодо. Бул тууралуу министр Алмазбек Бейшеналиев 10-майда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Сунушка ылайык, “улуттук” статусу бар төрт окуу жайдын жетекчилерин президент дайындайт, калган 29 мамлекеттик университеттин жетекчилери Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан  дайындалат.

“Жогорку окуу жайларда окуу процесстерине караганда, саясий процесстер көп. Жетекчини шайлоого караганда дайындоо эффективдүү болот деп эсептейбиз. Анткени шайлаганда көптөгөн рисктер бар”, — деди министр.

Алмазбек Бейшеналиев мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин шайланып келген ректорлорду массалык түрдө жумуштан алуу  башталарын айтты. Ректорлор  өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштешмекчи.

Профилдик комитет бүгүн билим берүү жана илим жөгүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карады. Кворумдун жоктугунан бул маселе кийинки жыйынга калтырылды.