Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинде Протоколго кол коюлду

????????????????????????????????????

Бишкек шаарында кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтүп, анын жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

Тактап айтканда, кол коюлган документке ылайык, тараптар Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин 2022-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарын уюштуруу жана өткөрүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу жана биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Өкмөттөр аралык кеңеш Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына экономиканын артыкчылыктуу тармактарында келечектүү инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүү жолу менен инвестициялык кызматташууну активдештирүүнү тапшырды.

Тараптар «Ак-Тилек» (Кыргыз Республикасы) жана «Карасу» (Казакстан Республикасы) автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу долбоору боюнча меморандумга кол коюу маселесин иштеп чыгууну жана аталган аймакта, ошондой эле тараптардын эркин экономикалык зоналарында биргелешкен өндүрүш түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашты.

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш чөйрөсүндөгү кызматташтык алкагында тараптар маалымат технологиялары, коммуникация, электрондук өкмөт, ошондой эле IT адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Ошондой эле Кеңештин кезектеги 11-отурумун 2023-жылы Казакстан Республикасынын аймагында өткөрүү макулдашылды.