Акылбек Жапаров медициналык мекемеден чыгып, жумушка киришти

????????????????????????????????????

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык мекемеден чыгарылгандыгына байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин Министрлер кабинетинин башчысы жүрөк оорусуна жана кан басымы төмөндөп кеткендигине байланыштуу М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Жүргүзүлгөн медициналык процедуралар миокард инфаркты оорусун тастыктаган жок, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган.

Учурда Акылбек Жапаровдун ден соолугу туруктуу деп бааланып, амбулатордук медициналык жардам алууда.