Кыргызстандык кадр дүйнөлүк тажрыйба менен кайтып келгенде… Теңиз Бөлтүрүк туурасындагы 10 факты  

Эл аралык тажрыйба, профессионал жана жаңы көз караштагы  чечкиндүү жетекчи.  Коомчулук «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин президенти Теңиз Бөлтүрүктү дал ушундай билет. Кыргызстанда иш билги кадрларынын сап башына чыккан адистин жаштарга өрнөк болчу өмүр таржымалы бар. Анда эмесе, келиңиздер чогуу окуйлу. 

  1. Теңиз Бөлтүрүк Ысык-Көл облусунун Түп айылында төрөлүп, өскөн. Мектепте жалаң беш деген баага окуп “отличник”  аталган. Физика, математика сабактарынан республикалык олимпиадалардан калчу эмес. Ал окуган мектеп азыр “Даңк” орденинин толук кавалери Абдыкасым Карымшаковдун ысымын алып жүрөт.  
  • “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингинин президенти жаш кезинен спортко жакын. 12 жашынан бокс менен машыгып, чемпион болгон да жайы бар. Машыктыруучусу Кыргыз ССРинин бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Каныбек Кулгелдиев.
  • Теңиз Бөлтүрүк окуган класстын окуучуларын ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр деп атаса болот. Аны менен бир класста Кыргызстандын учурдагы коргоо министри, өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн генерал-майору Бактыбек Бекболотов,  бокс боюнча спорттун чеберлери Туратбек Джолдошев жана Александр Костылевдор окушкан.
  • Жогорку билимге СССР боюнча эң алдыңкы делген Москва болот жана эритмелер институтунда ээ болгон, “Түстүү металлдарды байытуу” адистиги боюнча инженер. Азыр ал окуу жай Улуттук изилдөө технологиялык университети. 1998-жылы «21-кылымдын кадрлары» программасы аркылуу Германиянын Клаустхаль техникалык университетине өз кесиби боюнча магистратурага өткөн.  
  • Уюштуруучулук жөндөмү студент кезинде эле билинген. Москвада окуп жүргөндө кыргызстандык студенттерди чогултуп, атактуу актер Сүймөнкул Чокморов менен чыгармачыл кече уюштурган. Чокморов жаштарга өзү тартылган “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” фильминде ырдаган ырын комуз менен аткарып берген.
  • Жергиликтүү жана эл аралык тоо-кен компанияларындагы иш тажрыйбасы дээрлик 35 жылды камтыйт. Башында Кыргызстандын Сары-Жаз, Макмал, Айдаркен, Солтон-Сары кендеринде жооптуу иштерди аткарган. 97-жылдары “Кумтөр” кенинде иштеген.  Айтмакчы, алтын чыгаруу комбинатын ишке киргизгендердин бири – Теңиз Бөлтүрүк.
  • Тоо-кен тармагындагы тажрыйбасы жана ийгиликтери эске алынып, 2000-жылдардан кийин Канадага чакыруу менен кеткен. Канада, АКШ, Германия, Түштүк Африка Республикасы, Перу, Гана, Иран, Орусия, Монголия, Кытай, Австралия жана КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык тоо-кен долбоорлорунда 20 жылдан ашык иштеген.   Канаданын профессионал инженер лицензиясынын ээси.
  • Өлкө сыртында жүргөнү менен Кыргызстандан кол үзгөн эмес. 2013-жылы Кыргызстандын тоо-кен өнөр жайын реформалоо сунушун андагы президент Алмазбек Атамбаевге берген. Экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Мухаммедкалый Абылгазиевдер да Теңиз Бөлтүрүккө жардам сурап кайрылышкан менен, андагы бийликтер ишти алдыга жылдыра алышкан эмес.  
  • 2020-жылы «Кумтөр» менен канадалык «Центерра» компаниясынын  тегерегиндеги кырдаалды жөнгө салуу жана өлкөдөгү жаңы тоо-кен жана гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга жардамдашуу үчүн Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга келген.
  1. Теңиз Бөлтүрүк кыргыз тилинен сырткары, орус, казак, англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөйт.