“Улуу Көчмөндөр Мурасы” – кыргыз өндүрүшүнүн кайра жаралуусу!

Мындан туура 11 ай мурун Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки менен улуттук байлыгыбыз болгон “Кумтөр” элге кайтарылган. “Кумтөрдөн” түшчү пайданы рационалдуу пайдалануу менен келечектүү иштерге багыттоо үчүн 2021-жылдын 13-декабрында уставдык капиталы 1 миллиард сом деп бекитилген “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдингдик компаниясы түзүлгөн.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 17.04.17 1 “Улуу Көчмөндөр Мурасы” – кыргыз өндүрүшүнүн кайра жаралуусу!

Холдингдин президенттигине дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө бир канча тоо-кен өндүрүштөрүн башкарып келген, эл аралык деңгээлдеги адис Теңиз Бөлтүрүк дайындалган. Улуттук холдингдин негизги милдети – ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьелук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү, туризм, медицина тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 17.04.18 1 “Улуу Көчмөндөр Мурасы” – кыргыз өндүрүшүнүн кайра жаралуусу!

Холдингдин алгачкы заводдору ушул жылы ишке берилет

  “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдингдин алкагында Күрмөнтү цемент, акиташ, кирпич заводдорун ишке берүү, “Кавак” көмүр бассейинин өздөштүрүү, Куттисай, Талды-Булак, Андаш кендерин иштетүү, Чоң-Кемин, Орто-Токой, Кара-Көл ГЭСтерин куруу сыяктуу баш-аягы 32 ири долбоорду ишке ашыруу каралган.

Президент Садыр Жапаров тарабынан коюлган милдеттер, амбициялуу пландар акырындык менен ишке баштады. Холдингдин башчысы Теңиз Бөлтүрүк 12-мартта КТРКга берген маегинде жакынкы күндөрү Күрмөнтүдө цемент, акиташ, кирпич заводдорунун курулушу башталаарын айткан.     

Көп өтпөй долбоордук менеджер Максат Чунуев баш болгон холдингдин адистери Күрмөнтү айылынын жашоочулары менен жолугушуп, салынчу жаңы заводдор боюнча элге толук маалымат беришти. Улуттук холдингдин алкагындагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун ошентип алгачкы кадамы ташталды!

 Күрмөнтүдөгү цементтин мыктылыгы – эчактан бери дүйнө элине маалым. Советтик инженер-куруучулар дал ушул Күрмөнтүнүн цементин Байконур космодрому, Токтогул баш болгон ири ГЭСтердин курулушуна пайдаланышкан.

Баса, улуттук холдингдеги бир канча гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда Күрмөнтү цемент заводунун продукциясы колдонулат.  

  Алгач, 2022-жылдын аягы менен акиташ жана кирпич заводдору ишин баштап, жылына 50 миң тонна акиташ жана 12 миллион даана кирпич өндүрүү пландалууда. Ал эми цемент заводунун курулушу 2024-жылдын акырында аяктап, бир жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу 1 миллион тоннага чейин жетет. 

WhatsApp Image 2022 04 29 at 17.04.18 “Улуу Көчмөндөр Мурасы” – кыргыз өндүрүшүнүн кайра жаралуусу!

Эң башкысы – экология!

Күрмөнтү айылынын тургундары менен болгон жолугушууда, “Улуу Көчмөндөр Мурасы” Улуттук холдингдик компаниясынын адистерине ар кыл багыттагы суроолор берилип, өзгөчө экология маселеси башкы тема болду. Көпчүлүктүн көңүлүндөгү бул суроого “Кумтөр” компаниясынын экология бөлүмүнүн адистери ынанымдуу жоопторун беришти. Күрмөнтү цементи кургак ыкма менен өндүрүлүп, өз тармагы боюнча дүйнөдө лидер саналган германиялык KHD Humboldt Engineering компаниясынын технологиясы колдонулат. Аталган компаниянын өкүлү Евгений Щеголяевдин айтымында, булыкма – цементти нымдуу ыкма менен өндүрүүгө караганда, отунду жок эле дегенде эки эсе аз сарптап, толук автоматтык режимде иштейт.  

Ал эми акиташ заводуна Евро-5 стандартындагы чехиялык технология колдонулат. Эң жогорку сапаттагы акиташ өндүрүлүп, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын өндүрүштүк муктаждыктарын толук жапмакчы. Учурда Кыргызстанда сапаттуу акиташ өндүрүшү жолго коюлбагандыктан, “Кумтөр” бул затты Өзбекстандан ташып келүүгө аргасыз болууда.

Акиташ өндүргөндөн калган калдыктардан гиперпресс кирпичтери жасалат. Гиперпресс ыкмасында – кирпич күйгүзүлбөйт жана абага эч кандай зыяндуу заттар бөлүнүп чыкпайт. Демек, Күрмөнтүдө толук калдыксыз өндүрүш жолго коюлганы турат.

Күрмөнтү цемент, акиташ жана кирпич заводдору толук кандуу ишке кирсе, миңден ашык жумушчу орундарынан тышкары, миллиондогон салыктар төлөнөт. Мисалы цемент заводдон жылына жергиликтүү бюджетке 200 миллион сом, акиташ заводунан 12 миллион сом, кирпич заводунан 6 миллион сом түшөөрү күтүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 17.04.18 2 “Улуу Көчмөндөр Мурасы” – кыргыз өндүрүшүнүн кайра жаралуусу!