УКМК: Жалал-Абад шаардык Соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу кармалды

2022-жылдын 28-апрель күнү Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн кызматкери (САКБ) пара алып жаткан жеринен кармалды. 

Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу О.Т.О. аттуу кызматкер Сузак районунун тургунунан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренеси (соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо) боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуу жолу менен, Сузак районунун тургунунан кредитордук карызды өндүрүү маселеси боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 20000 сом жана 500 АКШ доллар акча каражатын талап кылышкан. 

     Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу кызмат бөлүмүнүн кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Кармоо учурунда аталган кызматкер активдүү каршылык көрсөткөн.

 Бул факты боюнча, КР УКМК Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, жыйынтыгында көрсөтүлгөн жаран кармалып, Сузак РИИБнин тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
WhatsApp Image 2022 04 29 at 14.14.02 УКМК: Жалал-Абад шаардык Соттук аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу кармалды