Улан Ниязбеков: Коопсуз өлкөнү куруу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенип, алдыга койгон максаттарга жетүү – милициянын негизги багыты

Коллегиянын жүрүшүндө Улан Ниязбеков: “Биздин алдыбызда алдыда дагы аткара турган орчундуу иштер турат. Эң башкысы элдин тынч жашоосун камсыздап, коопсуз өлкөнү куруу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенип, алдыга койгон максаттарга жетүү – милициянын негизги багыты деп белгилеп кетмекчимин.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 17.39.25 Улан Ниязбеков: Коопсуз өлкөнү куруу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенип, алдыга койгон максаттарга жетүү - милициянын негизги багыты


Коомчулуктун ишенимине татыктуулукту сактап, коопсуздук чараларын бүгүнкүдөн дагы өркүндөтүп, жакшыртып, заманбап талаптарга алып келип, коомдун эле эмес, ар бир жарандын укугун коргоо – катардагы кызматкерден баштап, жетекчи курамдагы кызматкердин коомчулук алдындагы ыйык милдети.
Ошого байланыштуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, жаш өспүрүмдөр арасында жана аларга карата жасалган кылмыштарды болтурбоо, улуу муундун өкүлдөрү болгон кары-картаңдарга карата ырайымсыз мамилеге бөгөт коюу, эл арасында таалим-тарбияны күчөтүп, профилактика иштерин жүргүзүү туруктуу негизде жүргүзүлүшү керек.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 17.39.25 1 Улан Ниязбеков: Коопсуз өлкөнү куруу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенип, алдыга койгон максаттарга жетүү - милициянын негизги багыты


Милицияга кайрылган ар бир адам, милициянын тейлөөсүнө, жасаган мамилесине, аткарган ишине жана адамкерчиликтүү ийкемдүүлүгүнө ыраазы болушу керек. Эгерде, жарандар милицияга келип чындыкты, акыйкаттыкты, калыстыкты таба албаса, анда ал жердеги милиция бөлүмү жүктөлгөн милдетин аткарууда алсыздык көрсөттү деп баалап, жеке өзүм катуу чараларды көрөм.


Анткени, бүгүнкү күндө коом өзгөрүп, социалдык талаптар жана санариптик мүмкүнчүлүктөр кеңейип, аны менен бирге кылмыштуулукка каршы күрөшүү, элге жат көрүнгөн окуяларды алдын алуу багыттарында заманбап кадамдар талап кылынууда. Бул иштерди ушул жылы баштап, кийинки жылдары толугу менен аягына чыгарабыз деп ишенем. Алардын негизгилерин белгилеп өтсөм:

  • элди тейлөө, аны менен бирге чет жерден келип, биздин тилибизди, мыйзамдардын талаптарын билбеген жарандарга тиешелүү маалыматтарды камсыздоо үчүн эл аралык талаптарга жооп берген “Акылдуу милиция пунктун”,
  • коомдук коопсуздукту камсыздап, ыкчам чара көрүүнү ишке ашырган “Мониторинг бөлүгүн”, тез арада тиешелүү маалымкаттарды алууга мүмкүн болгон “Бирдиктүү терезе пунктун”,
  • жеринде сервистик тейлөө көрсөтүп, маселени ыкчам чечкен “Жылып жүрүүчү элдик кайгуул тобун” ар бир милиция бөлүмүнө киргизип ишке ашырабыз.
  • Жакында эле, Бишкек шаарынын аймагына “Авто-ураган” аталыштагы унааларды ишке киргиздик. Аталган унаалардын ыкчам санарип мүмкүнчүлүктөрү абдан жогору десек болот.
    Атап айтканда, көчөдө жүрүп бара жаткан же коомдук жайларда жана унаа токтотуучу жерлерде турган унааларды автоматтык түрдө аныктай ала турган мүмкүндүктөргө ээ.

  • Анын ичинде, автоунаа издөөдөбү же жокпу, мурда айыпка тартылып, бирок төлөнбөй жүргөнбү, жол кыймылынын коопсуздугун туруктуу бузуучубу, ылдамдыкты ашырып бара жатабы, жол эрежесин бузуп жатабы ошол жерден аныктап, ыкчам маалыматты реалдуу режимде камсыздайт. Жогоруда аталган “Авто-урагандар” иштеп баштагандан бери, Бишкек шаарынын аймагында бир катар жол кыймылынын коопсуздугун бузган айдоочуларга жеринде айыптар салынып, мурда жол эрежесин бузуп, бирок айып төлөбөй жүргөн жарандардын унаалары атайын унаа токтотуучу жайга киргизилүүдө.
    Жакынкы аралыкта, “Авто-ураган” унааларын дагы алып, республиканын башка аймактарына ишке киргизүүнү пландап жатабыз.

  • Элдин коопсуздугу үчүн ишмердик жүргүзгөн жаңы технологиялар багытынын жана жогоруда аталган мүмкүнчүлүктөрдүн жыйынтыгында милициянын ичинде “Санарип жибек жолун” түзүп, элдин коопсуздугун камсыздоону бүгүнкүдөн дагы жакшыртууга жетишебиз,- деди Улан Ниязбеков
    ИИМдин Басма сөз кызматы
WhatsApp Image 2022 04 29 at 17.39.24 1 Улан Ниязбеков: Коопсуз өлкөнү куруу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенип, алдыга койгон максаттарга жетүү - милициянын негизги багыты