
Бишкекте милициянын айып короосунда турган 4 жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, короодогу “Ауди-80” жана “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйгөн. “Хонда Аккорд” жана “Мицубиси” үлгүсүндөгү автоунаалардын бир бөлүгүн от чалган.
Учурда өрттүн себеби такталууда.