Бишкекте жеңил унаа толугу менен күйүп кетти

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-январда таңкы саат 05:28 чамасында Ленин районуна караштуу Ч.Айтматов проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда “Ниссан-Микро” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.

Тилсиз жоо 06:05 толук өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.