Дастан Бекешов: “Садыр Жапаровду бир да жолу окуу жайдан кезиккен эмесмин”

Депутат Дастан Бекешов өзүнүн социалдык түйүндөгү жеке баракчасынан учурдагы президент Садыр Жапаровду бир да жолу кезикпегенин жазды.

60ba0252 3111 4d13 a822 8ecc12327534 Дастан Бекешов: "Садыр Жапаровду бир да жолу окуу жайдан кезиккен эмесмин"

“Орозайым Нарматованын арты менен мен үчүн бир жагдай ачылып жатат.

Садыр Жапаров 2006-жылы Кыргыз Славян университетинин юридикалык факультетин мени менен кошо окуусун аяктаган экен.

Бирок мен аны бир да жолу көргөн эмесмин”, – деп жазды Бекешов.

Буга чейин депутат Орозайым Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетин (ЖАМУ) аяктагандыгы тууралуу диплому мыйзам бузуулар менен берилгени маалым болуп, ал мандатынан ажыратылды.

Нарматованын өздүк делосунда мурунку орто билими тууралуу документ же анын көчүрмөсү жок, окууга кабыл алуу жөнүндө арыз жок, ошондой эле тапшырган кирүү экзамени тууралуу маалымат жок, окууга өткөндүгү тууралуу маалымат жок.