Бишкекте маалыматтык технологияларды (IT) түзүү жана анын коопсуздун камсыз кылуу темасында жыйын өтүүдө

Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте маалыматтык технологияларды (IT) түзүү жана анын коопсуздун камсыз кылуу темасында IT айдыңынын адистеринин катышуусунда маалымат жыйын өтүүдө. Анда Орто Азиядагы “Касперский лабораториясынын” коммерциялык директору Валерий Зубанов төмөнкүлөрдү айтты:
“Биз “Касперский лабораториясы” Орто Азия өлкөлөрү анын ичинде Казакстан андан сырткары Монголияда информациялык коопсуздук маселесинин тегерегинде иштеп келебиз.


Кыргызстанда да маалыматтык коопсуздук тармагында иш алып баруудабыз. Кыргыз өкмөтүн жана коммерциялык уюмдарды кибер чабуулдарды алдын алууга чакырып, кооптуу тараптарын түшүндүрүп келебиз.
Мамлекеттик жана жеке уюмдардын маалыматтык коопсуздук боюнча билимин жогорулатууга аракеттерди да жасайбыз.
Ошондой эле, мамлекеттик жана финансы секторлорунда биз кибер окутууларды байма-бай өткөрүп, тиешелүү долбоорлор аркылуу кызмат кылабыз”

WhatsApp Image 2022 04 29 at 08.38.00 1 Бишкекте маалыматтык технологияларды (IT) түзүү жана анын коопсуздун камсыз кылуу темасында жыйын өтүүдө
WhatsApp Image 2022 04 29 at 08.37.48 Бишкекте маалыматтык технологияларды (IT) түзүү жана анын коопсуздун камсыз кылуу темасында жыйын өтүүдө