Түркмөнстанда аялдар түрдүү косметикалык процедураларды колдонгону үчүн жумуштан алынат

Түркмөнстанда аялдар түрдүү косметикалык процедураларды колдонгону үчүн жумуштан бошоп калуу коркунучуна кептелишти.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын өз булактары билдиргендей, жакында ондогон стюардесса менен поезд коштоочулары эриндерин чоңойтуп, башка да косметикалык кызматтарды колдонгону үчүн иштен алынган.

«Өлкө ичиндеги каттамдар калыбына келгенден кийин “Түркмөн аба жолдору” 20дай борт коштоочуну эрин ботоксу үчүн иштен алды. Темир жол коштоочуларын да жумуштан бошотуп жатышат. Болжол менен 50дөй кызматкер эрин ботоксу, дагы бир нечеси төштү чоңойткон силикон үчүн иштен алынды», — деди өз булак.

“Азаттык” штаттын кыскарышы жана кызматкерлердин жумуштан алынышы боюнча “Түркмөн аба жолдору” менен “Түркмөн темир жолдору” компанияларынан комментарий ала алган жок.

Бул арада аялдар өз укуктары үчүн күрөшүп, косметикалык элементтер үчүн айып пул салган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен тыюу салууну тастыктаган документтерди көрсөтүүнү талап кылышууда.

Түркмөнстанда көбүнчө оозеки түрдө көрсөтмөлөр берилет. Бийлик жаңы салынган тыюу жөнүндө расмий түрдө маалымат бере элек.

Түркмөн бийлиги үч жума мурда түркмөн аялдарынын сырткы келбетине көзөмөлдү күчөткөн. 11-апрелден тарта түркмөнстандык журналисттер, оболу кыз-келиндерге чачын боёого, чачын кыска кырктырууга, маникюр, ботокс жасоого тыюу салынганын жазып чыккан. Көп өтпөй аялдардын кийим-кечелерине да талап күч алды.

Бул кадам президент Сердар Бердымухамедов кызматка киришип, анын ордуна өлкөнүн жаңы ички иштер министри келген учурда жасалып жатканы талкуу жаратууда.

Көпчүлүк түркмөнстандыктар бул чаралар өлкөнүн жаңы президенти Сердар Бердымухамедовдун консервативдүү көз карашына байланыштуу экенин айтышат.