Казакстан банктары маалыматтык коопсуздукта коңшулардан озуп кеткен

Бүгүн, 29-апрелде Бишкекте маалыматтык технологияларды (IT) түзүү жана анын коопсуздун камсыз кылуу, банктардын коопсуздугу темасында IT айдыңынын адистеринин катышуусунда маалымат жыйын өтүүдө. Анда акыркы жылдары Казакстан банктарынын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылып келген Виталий Ли төмөндөгүлөрдү айтты:

“Маалыматтык коопсуздукту көптөр каржы коромдору катары кабыл алышат. Бирок заманбап банк жана уюмдарда мыкты түзүлгөн IT жана мыкты өздөштүрүлгөн маалыматтык коопсуздук болушу керек.


Азыр банктарда маалыматтык коопсуздук эң маанилүү талаптардан. Менде Казакстандын мамлекеттик секторунда тажрыйбам кенен. IT тармагында акыркы жылдары биздин өлкө дүйнөдө маалыматтык коопсуздук боюнча 86-орунга көтөрүлдү, бул 40 тепкичке жогорулады дегенди түшүндүрөт.
СССРден бөлүнүп чыккандан бери Казакстан коңшу өлкөлөрдөн бир топко озуп кетти деп айтсам болот. Бул мактаныч эмес, дүйнөлүк практикада болуп жаткан реалдуулук.


Казакстандагы экинчи пландагы банктардын бардыгына талаптар күчтүү. Улуттук коопсуздук комитети тарабынан коюлган атайын талаптар да күчтүү деңгээлде. Ар бир эле банк өзүнүн кардарлары жана акционерлери үчүн коопсуз банк экенин далилдеши керек.

WhatsApp Image 2022 04 29 at 09.49.03 Казакстан банктары маалыматтык коопсуздукта коңшулардан озуп кеткен


Маалыматтык коопсуздук тармагында иштеген адистин башкы тапшырмасы бир бүтүндүүлүктү, жеткиликтүүлүктү жана конфиденциалдуулуку жөнгө салуу болуп эсептелет.


Банктардын онлайн сервиси жети күндөн ашык иштебей туруп кала турган болсо кайрадан мурунку абалына кайтып келүүсү мүмкүн эмес деген изилдөөлөр бар. Банктардын сайттары үзгүлтүккө учурай турганын эске алып, коопсуздук кызматкерлери төмөнкүлөрдү жасашы керек:

  • Резервдик байланыш каналын камсыз кылуу;
  • Информациянын көчүрмөлөрүн сактоо;
  • Резервге көңүл коюу;
  • Кластеризация;
  • Маалымат базасын синхронизациялоо