Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү 4 миң доллар талап кылган, ал 200 миң сом алып жаткан жеринен кармалды

200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору Ш.С.К. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган тергөөчү Ю.А.Х. аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У. аттуу жарандан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайын киргизилди.