Марлен Маматалиев Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевден кечирим сурады

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев өзүнүн кесиптештери Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевден парламенттен кечирим сурап, дагы бир кесиптеши Мирлан Самыйкожого каяша берди.

“Мага Мирлан Самыйкожо кайрылыптыр. Негизи депутаттар кайрыла турган киши болгон учурда өз көзүнчө кайрылаган туура болот. Азыр өзү деле жок экен, бирок, мен кичине болсо да түшүндүрүп коёюн…

Биз сиздер менен Жогорку Кеңештин регламентин карап жатабыз. Мына менин колумда 500 бет кагаз турат.

Ар бирин эле өзүнчө караганда 1200 беттен турган регламент. Андан тышкары кырктан ашык депутаттардын сунуштары. 4 саат регламент мыйзамын карадык. Орозо маалында 4 саат кыйын экен. Ар бир депутаттын сунушу кагаз түрүндө берилет. Бирок, ар бирин окуп чыкпайбыз. Кыска эле маңызын карап, мурдагы жана азыркы сунуш, аны кабыл алабызбы же кабыл албайбызбы деп эле карайбыз. Бул кагаздарга ал кишинин салмагы, бою жазылбайт. Туура фамилиялары жазылышы мүмкүн… Бөлүмдөн техникалык катачылыктары кетип калыптыр, мындай учурлар болот берет. Андай болсо дагы бөлүмдүн атынан, өзүм автор катары деле ушул эки авамдан кечирим сурайбыз» — деди.

Ошондой эле мындай катачылыктар кетип тураарын эскертип, парламенттеги ички маселени коомчулукка чыгарбоого үндөдү.  Буга чейин депутат Мирлан Самыйкожо депутат Марлен Маматалиевди кечирим суроого чакырган болчу.