Лейлек райондук милиция кызматкерлери издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын кармашты


Лейлек районунун аймагында Лейлек РИИБдин кызматкерлери тарабынан “Арсенал” иш-чарасы уюштурулуп, катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам иштер аткарылууда.


Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, Лейлек РИИБи тарабынан 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 27-апрель күнү Лейлек районунун аймагында жүргөн жеринен аныкталып, кармалып убактылуу кармоо жайына киргизилди.


Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы