“Тандоо бар – баңгизатсыз жашоо” аттуу студентерге илимий семинар уюштурулду

ИИМ: “Тандоо бар – баңгизатсыз жашоо” аттуу студентерге илимий семинар уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин кесиптик колледжинин “Экономикалык, укуктук жана коомдук сабактар бирикмесинин” мугалимдери менен биргеликте “Тандоо бар – баңгизатсыз жашоо” аттуу студентерге илимий семинар уюштурулду.

WhatsApp Image 2022 04 26 at 10.00.01 “Тандоо бар - баңгизатсыз жашоо” аттуу студентерге илимий семинар уюштурулду


Алгач өзүнүн атайын даярдалган “Бангизатка каршы күрөшүү кызматынын тарыхы” атту баяндоосу менен Кесиптик колледждин ПВ 9-1-19 тайпасынын студенти Омурбекова Суйутай тааныштырып кетти.

Андан кийин “Баңгичиликти токтотуу кыйын, бирок анын алдын алса болот” атту темасы менен кесиптик колледждин ПВ-11-20 тайпасынын студенти Ысакова Сатина тааныштырды.

WhatsApp Image 2022 04 26 at 10.00.00 “Тандоо бар - баңгизатсыз жашоо” аттуу студентерге илимий семинар уюштурулду


Ал эми, ИИМнин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы алдын алуу боюнча ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Г. Жапакова “Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагындагы жаш өспүрүмдөр арасындагы банги затын колдонуу ,анын кесепеттери жөнүндө баяндама берип кетти. Өз сөзүндө ал жаш муундарды сергек жана активдүү жашоого чакырып кетти.


Илимий семинарга 50гө чукул студентер катышты. Өтө жогорку деңгээлдеги суроо жооп залда орун алды. Көпчүлүктү кызыктырган бул жаны мээге доо кетирүүчү заттарды жаштар арасында алдын алуу кандай жана канчалык денгээлде өтүп жаткандыгы жана анын кесепеттери жөнүндө болду. Бир топ жаштарды ИИМдин БМЖККК алып барган иштери жөнүндө кызыктырды.


Илимий семинарга активдүү катышкан жаштарга атайын ИИМдин БМЖККК тарабынан даярдалган футболкалар, кепкалар, рюкзактар жана көркөм китептер тапшырылды.