Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды

Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБне жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат райондук милициянын КБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

whatsapp image 2022 04 26 at 12 39 26 1 Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал Ак-Суу районунун Теплоключенко айылынын 37 жаштагы Д.М. тургуну экендиги такталган.

whatsapp image 2022 04 26 at 12 39 27 1 Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган жарандын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактар табылып жана узундугу эки метрге жакын, жоголуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесиндеги, Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси баш сөөгү менен табылып, далил зат катары алынган.

Шектүү Д.М. тергөө кызматына берген көрсөтмөсүндө, аталган жаныбарды таанышы атып, анын үйүнө убактылуу сактоого калтырып кеткендигин билдирген. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө экинчи шектүү ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы Б.Э. аттуу тургуну экендиги далилденип, сурак учурунда шеткүү Б.Э күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Кызыл китепке кирген жаныбарды сырт өрөөнүнөн атып келгендигин көрсөткөн.

Ошондой эле аталган шектүүнүн үйүнөн тиешелүү уруксат документтери жок ок атуучу курал-жарак табылган.