Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 5 миң 550 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен:
- мас абалында автоунаа башкаруу — 26;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 21;
- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 41;
- коопсуздук курун тагынбаган — 1 392;
- жасалма номер менен автоунаа башкаруу — 2;
- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 300;
- башка жол эрежелерин бузуулар — 3 770. Башка ар кандай эреже бузган 478 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежесин так сактоого чакырат.