Өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири сумманы ээлеп алган Кытайдын жараны кармалды

ИИМ: Өз өлкөсүндө алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен ири суммадагы акча каражатын ээлеп алган Кытайдын жараны кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлеринин мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жүргүзүшкөн иш-чараларынын жүрүшүндө 2013-жылы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына келген Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Чж.Ч. аныкталган. Ал 2014-жылдан бери Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн жана расмий органдарга өзүнүн келгендигин мыйзамдаштыруу үчүн кайрылган эмес.


Жогорудагы Кытай Эл Республикасынын жараны Чж.Ч. Пекин шаарындагы компаниялардын биринин башкаруучусу кезинде 2013-жылдын март айында алдоо жана каржы пирамидасын түзүү жолу менен 200 000 000 юань суммасындагы депозитти алып чыгып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.


Бул факты боюнча чет өлкөлүк жаран Ч.Ч. карата Интерпол Кылмыш полициясынын эл аралык уюмунун багыты боюнча эл аралык издөө жарыяланган.


ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргыз Республикасындагы Интерпол улуттук борбордук бюросу менен биргеликте жүргүзүшкөн иш-чаралардын жүрүшүндө 2022-жылдын 19-апрель күнү Бишкек шаарынын аймагынан Кытайдын жараны 1971-жылы туулган Чж.Ч. кармалган.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен Чж.Ч. карата №1-тергөө абагына 1 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.
Азыркы учурда мындан аркы ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо тууралуу маселени карап жатат.