“Идеология жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы” темасында талкуу жүрүүдө


Бүгүн, 25-апрелде Саясий-укуктук изилдөөлөр борбору “Идеология жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы” темасында талкуу жүргүзүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин администрациясынын саясий-экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов жана саясат талдоочулар менен журналисттер катышууда.


Талкуунун модератору Тамерлан Ибраимов Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгында аскердик-саясий жааттагы коопсуздук жана демократия чоң мааниге ээ экендигин белгилеп, коңшу мамлекеттер менен болгон алаканы жаңы деңгээлге чыгаруу керектигин айтты.


Улуттук кызыкчылыкты көздөөдө демократиялык цивилизациялык долбоордун алкагында маданият, кыргыз тил маселеси маанилүү экендигин белгиледи.
Президенттин администрациясынын саясий-экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов улуттук өзгөчөлүктү аныктоо көп кырдуу, оор маселе экендиги талашсыз деп, экономикалык саясаттын өнүгүүсү үчүн мындай талкууларды байма-бай өткөрүп туруу зарылдыгын айтты.
Ал эми, саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев улуттун кызыкчылыгы тууралуу төмөндөгүдөй оюн билдирди:
«Качандыр бир биз ким экенибизди аныкташыбыз керек болот. Качан биз улуттук идеология тууралуу кеп кылганда, жада калса идеология деген эмне экенин билбегендер көптүгүн көрүп келебиз. Мындай кырдаалды социалдык тармактардан байкасак болот.
Биз кыргыздар улуттук идеология десек эле, коммунисттик идеологияны айта баштайбыз. Андан сырткары жалаң гана кыргыздарга тиешелүү өзгөчөлүк деп ойлойбуз. Бирок, менимче идеология – коом кабыл алган баалуулуктардын топтому, тыюу салынган чектөөлөр, сырткы жана ички мамилелер.


Улуттук кызыкчылык дегенде биз – мамлекеттик кызыкчылык деген маани бар экендигин түшүнүүбүз керек. Ошондой эле, «кыргыз жараны» деген концепцияны да кароого милдеттүүбүз. Бул максаттарыбызды аныктоодо маселени татаалдаштырып кереги жок»,-деди.