Өрт өчүрүүгө шашылыш бара жаткан автоунаа кырсыкка кабылды

Өрт өчүрүүгө шашылыш бара жаткан автоунаа кырсыкка кабылды.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, кечээ, 24-апрелде саат 20.00 чамасында Биринчи май районунун Ак-Босого жаңы конушунун Чүй-6 көчөсүндө турак жай өрттөнүп жаткандыгы тууралуу чакыруу түшкөн.

«Кырсык катталган жерге Свердлов районунун №2 өрт-куткаруу бөлүгүнөн ыкчам куткаруучулар дароо чыгышкан. Өрт чыккан дарекке шашылыш чыккан өрт өчүрүүчү эсептик бөлүмүнүн атайын унаасы жеңил унаа менен кагылышып кырсыкка кабылды. Адистештирилген өрт өчүрүүчү автоунааны атайын үн сигналы жана жаркыраган маяк менен айдап бара жаткан айдоочу жол бербеген жеңил унаа менен кагышкан», -деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, кырсыктын кесепетинен атайын өрт өчүрүүчү унаасы капталына аласалып, үч өрт өчүрүүчү жабыркаган.

https://t.me/reporterakipress/946