Зайнидин Курманов: Жарандык коом – келечектин долбоору


Бүгүнкү Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун “Идеология жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы” темасындагы талкуусунда саясат талдоочу Зайнидин Курманов Кыргызстан дагы да өз жолун издөөдө деп белгиледи.


«Кыргызстандын идеологиясын издөө сапарыбыз дагы да уланып келет. Азыр кантсе да чети чыгып калгандай, биздин Конституциябыз башкы документ катары ага кызмат кыла алат.


Бизде жарандык коом бар, муну мен келечектин долбоору деп айта алам. Жогорку окуу жайларында биз жарандык коом деген эмне экендиги үйрөтө баштообуз керек. Биздин бийлик жарандык коомду жалаң эле чет элдик агенттер экен деп ойлойт экен.


Өнүккөн өлкөлөрдө мындай билим берүү эбак эле кирген. Батыштын бул багыты бийликтин туура эмес иштерин сындап турууга зарыл. Чыгышта дайым күчтүүнүн артынан ээрчүү деген болуп келген.
Бизде демократиянын өнүгүшү кыргыз маданиятынын негизинде өнүгүп барышы керек. Эмне деген мурастарыбыздын бардыгын унутуп калдык. Ошентсе да, толугу менен түгөтүп алдык деп айтууга болбойт.
Улуттук кызыкчылык маселеси биздин тышкы саясатыбызда да бар. Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн, демократиялуу мамлекет экендиги анда камтылат.


Улуттун иденттүүлүгүн аныктоодо тарыхты жаңылап, “Манас” эпосубузду, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду саясатка аралаштырып кароонун кажети жок”, – дейт.