Улан Ниязбеков баштаган делегация Түркия Республикасына болгон иш сапарын жыйынтыктады

ИИМ: Улан Ниязбеков баштаган делегация Түркия Республикасына болгон иш сапарын жыйынтыктады

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу менен өз ара кызматташтыктын алкагында жолукту. Анда эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуусу, коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары да ишке ашыруу жана укук коргоо органдарынын өз ара тыгыз кызматташуусун жаңы тепкичтерге көтөрүү маселелери жогорку деңгээлде талкууланды.


Жолугушуунун жүрүшүндө түрк полициясынын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу жетишкендиктери, санариптештирүү иштери, анын алкагында электрондук башкаруу тармактары, кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө ДНК лабороторияларын ачуу жана иш алып баруу, биометрикалык технологияларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу иштери менен таанышты.

Бул ыкмаларды жана технологияларды кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүнө киргизүү, аларды натыйжалуу колдонуу иштерин жакындан көрүп, таанышуу максатында боордош түрк кесиптештер менен өз ара кызматташууну бекемдөө керектиги белгиленди.
Ошондой эле Түрк полициясынын Жандармериясынын башкы командачылыгынын материалдык-техникалык жабдуулары менен таанышты. Полициянын атайын техникасынын негизги түрүнөн тышкары, ички күйүүчү кыймылдаткычы жана түртүүчү типтеги аба бурамасы бар түркиялык ыкчам-тактикалык орто салмактагы “Байрактар” учкучсуз учуучу аппараттар, ошондой эле Аба күчтөрү коомдук тартипти камсыздоодо колдонулган тик учактар көрсөтүлдү.
ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Анкара шаарынын Кечиорен муниципалитетинин башкы аянтына орнотулган Айкөл Манастын эстелигине барып, муниципалитеттин Мэри Тургут Алтынок менен жолугушту.


ИИМдин Улан Ниязбеков баштаган делегациясы дүйнөдөгү эң мыкты илимий борборлордун бири ТАДОК (TADOC) Баңгизаттарга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Түрк эл аралык академиясынын, Анкара шаарындагы Ички иштер министрлигинин Коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүктөрү менен таанышты.

Бул Борбордун негизги максаты кризистик кырдаалдар (кылмыштар, жол-транспорт кырсыктары) пайда болгондо жана чечүүдө зарыл болгон ыкчам маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу болуп саналат. Тажрыйба алмашуу иш сапарынын алкагында кыргыз делегациясы Маалыматтык технологиялар башкы дирекциясына барып, анда Түркиянын полициясы тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууда колдонулган алдыңкы технологиялар көрсөтүлдү.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясынын мүчөлөрү Түркия Республикасынын ИИМдин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты. Алардын ичинде Жандармериянын Башкы командачылыгы, Коопсуздук башкармалыгынын Калкты каттоо жана жарандык иштер боюнча Башкы дирекциялары, Мобилдик борбор системасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, эки өлкөнү өз ара кызматташуу боюнча жаңы багыттары белгиленди. Жолугушуу кыргыз тарап үчүн абдан иштиктүү жана өзгөчө маанилүү болгондугун белгилейбиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы