Эдил Осмонбетов: “Кыргыз кыялын” ишке ашыруубуз керек


Бүгүнкү Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун “Идеология жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгы” темасындагы талкуусунда саясат талдоочу Эдил Осмонбетов Кыргызстан дагы да өз жолун издөөдө деп белгиледи.


“Менимче акыркы бир нече айда колдонулуп келе жаткан улуттук кызыкчылык түшүнүгү географияга, тарыхка, баалуулуктарга байланыштуу болот. Күчтүү жарандык коом болбосо мамлекетте улуттук кызыкчылык долбоору болбойт.
2021-жылдан бери Кытай – “кытай кыялы” деген программаны ишке ашыруу тапшырмасын койгон. Бул өлкө 1949-жылдан бери гана өнүгүп отуруп, экинчи экономикага чейин жетип келишти. Ага чейин аларда согуштар болуп, өлкө бутуна турушу оор болгон. Айтайын дегеним качан болсо да, бутка туруп, өсүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр болот.


Кыргызстан азыркы дүйнөлүк калыптанып жаткан жаңы тартипте бекем тышкы саясатка ээ болушу керек. Биз “кыргыз кыялын” ишке ашырууга колдон келген аракетибизди көрүп, ошол жолдо багыт алышыбыз керек.

Улуттук кызыкчылыгыбызды тезирээк аныктап, кыргыз иденттүүлүгүн аныктоо менен, өлкөнүн дүйнөгө болгон көз карашын түптөөбүз зарыл. Аймактык бүтүндүгүбүздү жана коопсуздугубузду алдынкы планга коюу менен бул максаттарга жетишибиз керек болот”, – деди.