Сокулукта каракчылыкка шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жаран кармалды.

Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Сокулук РИИБге мурунку күйөөсүнө чара
көрүү өтүнүчү менен 1993-жылы туулган А.Г., аттуу жаран кайрылган. Ал өз кайрылуусунда, март айларынын аяк ченинде кечки саат 22:00дөр
чамасында, күч колдонуу менен элүү беш миң сомдон ашык суммадагы эки
телефонун тарттырып жибергенин айткан.

Сокулук РИИБнын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө
иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү делип 1993-жылы туулган М.М. кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Каракчылык) негизинде катталган.

Учурда ал адам Сокулук РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.