Журналист Болот Темировду куугунтуктоо токтотулсун! Кыргызстандын медиа платформасы билдирүү жасады

Көз карандысыз журналист Болот Темировго байланыштуу козголгон иштер боюнча медиа коомчулук билдирүү жасады.

“Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасынын мүчөлөрү иликтөөчү журналист Болот Темировго карата бийликтин акыркы аракеттерин, куугунтуктоонун күчөшү жана анын кесиптик ишмердигине бут тосуп, оозун жабуу аракети катары баалайбыз.

temir Журналист Болот Темировду куугунтуктоо токтотулсун! Кыргызстандын медиа платформасы билдирүү жасады

20-апрелде Болот Темиров Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына суракка чакырылган.

Журналистке бир эле учурда төрт (!) кылмыш иши козголуп, аны жасалма документ жасоого, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө, жасалма аскердик билет үчүн жана баңгизаттарды жайылтууга айыптап жатышат.

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу жаңы мыйзамдын коррупцияга кандайча жол ачып жаткандыгы, КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу муниципалдык мекемелерге бензин ташуу боюнча үч тендерден утуп алганы тууралуу «Temirov Live» командасынын кезектеги иликтөөсү жарыялангандан бир күндөн кийин ушундай иштер дароо активдешип чыкканы акылы бар адамдарда шек жаратат.

Б. Темировдун жактоочусунун айтымында,  бул айыптоолордун баары абсурд. «Тергөө Болот жасалма аскердик билетти жана убактылуу күбөлүктү колдонгонун айтып жатат. Бирок бул документтер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген болсо, кандайча жасалма болушу мүмкүн? Болот 14 жыл бою чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, чек ара кызматы аны өткөрүп, паспортуна мөөр басып турганы дагы такыр акылга сыйбайт.Бул аралыкта Болот Темиров паспортун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алмаштырган, ошондой эле тыкыр текшерүүдөн өткөндөн кийин мамлекеттик кызматта да иштеген”.

Журналисттин жактоочусу эгер документтер жасалма болсо, анда айыпты Б.Темировго эмес, ошол документтерди берген кызмат адамдарына коюлушу керек болчу деп эсептейт. Мындан тышкары, КР Кылмыш-жаза кодексинин бул иштерге тиешелүү беренелери боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү эбак өтүп кеткен.

Ушуну менен Болот Темировго карата үчүнчү жолу чабуул жасалып жатат.

2020-жылдын январында КР Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басарынын жомоктогудай байлыгы жөнүндө иликтөө жарыялангандан кийин үч адам журналистке кол салып, аны катуу сабашкан.

2022-жылдын январь айында мазут менен камсыздоо схемалары боюнча “Эки күндө  кантип 37 миллион сом табууга болот?” аттуу Б.Темировдун журналисттик иликтөөсү жарыяланып, анда КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин тууганы тууралуу айтылган. Эки күн өткөндөн кийин укук коргоо кызматкерлери “Temirov Live” кеңсесине келишип Болот Темировду кармап, компьютердик техникаларды жана башка редакциялык жабдууларды тартып алышкан. Иликтөөчү журналистке баңгизат сактаган деген айып тагылган.

Булардын баары Б.Темировго атайылап айып тагуу, анын тергөө иштеринен башы чыкпай калышын көздөп жатышкан аракет экени белгилүү. Биз андыктан бийликтен ачык иштөөгө, коррупциялык иштерге жол бербөөгө, финансылык иштерге туугандардын катышуусуна жол бербөөнү талап кылабыз. Азыркы дүйнөлүк катаал кырдаалда жана Кыргызстандагы экономикалык кризис убагында эркин журналисттердин оозун жабуудан майнап чыкпайт. Бүгүн бир Болоттун оозу жабылса, эртең жүздөгөн болоттор чыгаары турган иш. Себеби кыргыз наркында “Баш кесмек бар, тил кесмек жок!” деп ошон үчүн айтылган.

Биз Кыргызстандын жалпы коомчулугун иликтөөчү журналистти колдоого чакырабыз!

Бийликтен Болот Темировду куугунтуктоону токтотууну талап кылабыз!”, – деп атйылат билдирүүдө.