
Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБине Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылында белгисиз адамдар тарабынан тоноочулук болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган маалымат боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, 3-апрель күнү Кашка-Баш айылынын талаасында бейтааныш адамдар күч колдонуп телефонун тартып алып из жашырып кетишкендиги белгилүү болгон.
Бул факты Сокулук РИИБ тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган И.А., 1994-жылы туулган Н.Э., жана 2005-жылы туулган О.Д. аттуу жарандар кармалышып, анын ичинен эки шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда териштирүү иштери улантылууда.