Жер семирткич жана үч тонна суу майды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Баткен облусунун Тажикстан менен чектеш аймагынан эки жарым тонна химиялык жер семирткич жана үч тонна суу майды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы 20-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, аткезчилик менен кармалгандар Кыргызстандын жарандары. Мыйзамсыз жүк жалпысынан 1 млн. 700 миң сомго бааланып, андан ары тергөө иштерин жүргүзүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Апта башынан бери Тажикстан менен чек арада аткезчилик менен жүк алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары күн сайын кармалууда. Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен негизги тамак-аш азыктарын ташууга аракет кылып жатканын 24-мартта атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын айткан.

Март айынын соңунда кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салды. Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган. Министрлер кабинетинин токтому менен алты айга Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагынан тыш жакка буудай, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, күн карама уругу жана жумуртканы экспорттоого чектөө киргизилди.

УКМКнын Чек ара кызматы 2021-жылы Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталганын билдирген. 

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасы 2021-жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан.