Улан Ниязбеков Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

0
27


Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков менен парламенттеги иш бөлмөсүндө жолугушту. Мустафа Шентоп Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы позитивдүү карым-катнаш Кыргызстан эгемендүүлүк алган күндөн бери уланып жатканын айтты. Мустафа Шентоп Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык карым-катнаштардын өнүгүшүндөгү маанисине токтолуп, парламенттер аралык карым-катнаштардын жогорку деңгээлде болуп жаткандыгын белгиледи.


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков 23-апрель Түркиянын мамлекеттик майрамы болгон Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнүнө карата куттуктап, терең урматын билдирди.


Жолугушуунун жүрүшүндө Түркия менен Кыргызстан бир тууган элдер экени айтылып, келечекке ишенимдүү экономикалык, маданий жана укук коргоо багытында мындан ары дагы ишмердүүлүктү жаны тепкичтерге көтөрүү маселелери талкууга алынды.


ИИМдин Басма сөз кызматы

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.