Садыр Жапаров азербайжандык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Садыр Жапаров 20-апрелде, Азербайжан Республикасынын Баку шаарында азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушууда аларды Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды.

Садыр Жапаров азербайжандык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырды

Мамлекет башчысы Кыргызстандын азербайжандык бизнес-коомчулугу менен кызматташууга кызыгуусу жогору экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Азербайжандын ишкерлерине энергетика, тамак-аш өнөр жайы, инфраструктура, туризм жана жаңы технологиялар өңдүү багыттарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.

Гидроэнергетика тармагында Камбар-Ата ГЭС-1 жана башка бир катар стратегиялык маанилүү чакан жана орто ГЭСтердин курулушуна катышууну сунуштады.

Туризм жаатында Мамлекет башчысы Кыргызстанда эс алуу жайларын курууну сунуштады, анын ичинде Кыргызстандын бермети – Ысык-Көл көлүнүн аймагында да.

Президент Садыр Жапаров азык-түлүк продукциясын кайра иштеп чыгуу чөйрөсү дагы келечектүү жана кызыктуу багыт экенин белгиледи. Жалпысынан, мүмкүн болгон кызматташтыктын потенциалы жогору жана өз ара аракеттенүү багыттары абдан ар түрдүү.

“Өз өлкөсүнүн динамикалык, стабилдүү жана туруктуу өнүгүүсүн жактаган Мамлекет башчысы катары мен азербайжандык бизнес-коомчулукту Кыргыз Республикасын ишенимдүү бизнес өнөктөш катары кароого жана аларды жигердүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырам”, — деди ал.

Садыр Жапаров сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы, ошондой эле жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жакын арада өз ара сооданын көрсөткүчтөрүндө жана Кыргызстандын экономикасына азербайжандык инвестициянын көлөмүндө чагылдырыларына ишенимин билдирди.