Кыргызстан менен Казакстан товарлардын эркин өтүүсүн камсыздоону макулдашты

Кыргызстан менен Казакстан товарлардын эркин өтүүсүн камсыздоо боюнча бир катар чараларды көрүүнү макулдашты.

Бул чаралар Казакстан менен чек арадагы жүк ташуучу автоунаалардын кезегин азайтышы керек.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Казакстан электрондук эсеп-фактуралар жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) башка өлкөлөрүнө товарлардын транзити болгон учурда текшерүү жана көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзбөөгө макул болду. Кыргыз тарап болсо жүк ташуучу автоунааларды электрондук коштомо документи жок жолго чыгарбоого милдеттеме алды.

Электрондук эсеп-фактураларда декларацияланбаган товарлар табылса, Казакстан жүк ташуучу автоунааларды артка кайтарат. Ал эми декларацияланбаган товарларды идентификациялоо жүк ташуучу автоунааларды ачпастан текшерип кароо комплексинин жардамы менен жүргүзүлөт.

Тараптар WhatsApp тобун түзүп, кайтарылган жүк ташуучу автоунаалар тууралуу маалымат бөлүшүп, кайра кайтаруунун себептерин талкуулап турууну макулдашты. Топко Кыргызстандын Салык кызматынын жана Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчилери кирмекчи.

Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстан жакынкы күндөрү өткөрмө пунктардагы машиналардын тыгынын жоюу максатында чек ара кызматтарынын ишин күчөтүүнү макулдашты.

Чек арадагы тыгын маселесин Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, маселе чечилмейинче Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) байланыштуу мыйзам долбоорлорун парламентте карабай коё туруу демилгеси айтылды.

Автоунаалардын кезеги бир нече чакырымга узарган көрүнүш «Ак-Тилектин» жанында соңку апталарда байкалууда.