Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 19-20-апрелде болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий сапарынын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Баку шаарындагы «Ардак аллеяга» барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесине таазим кылды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын делегациясы «Шейиттер аллеясында» Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскеришти.

20-апрелде «Загулба» президенттик сарайында эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Илхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду. Кыргызстандын президентин ардактуу кароол тосуп алды.

Аземден кийин мамлекет башчылары тете-а-тет форматында, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы кызматташууну талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу 10 документке жана келишимдерге кол коюу аземи болду.

Эң маанилүү документ болуп эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн сапаттык жаңы деңгээлге алып чыккан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация болду.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаров Азербайжандын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы ири жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Азербайжан Республикасынын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу аземи болду.

Мамлекет башчы ошондой эле Милли Межлистин төрайымы Сахиба Али кызы Гафарова менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Расмий сапарын аяктаган Президент Садыр Жапаров 20-апрелде, Бишкекке кайтып келди