Болот Темиров 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн, – Сапар Аманкулов

Жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо») жана 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча 5 жылдан 8 жылга чейин жаза мөөнөтү берилет. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын башчысы Сапар Аманкулов билдирди.

«Жасалма документ алуу боюнча 5 жылдан 8 жылга чейинки жаза мөөнөт каралган. Болот Темировдон эч жакка кетпөө тил каты алынган. Тергөө амалдары жыйынтыкталды. Бул иш соттук кароого жөнөтүлөт. Анын баш коргоо чарасын сот чечет деди»,-деди ал

Эске салсак, Бишкек шаардык милициясы журналистке Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иштерин козгогон. Милициянын маалыматына ылайык, Болот Темиров 1996-жылы 16 жашка чыкканда Орусиянын жараны деген паспорт алган.

Ал бул паспортту 2002-2007-2014-жылдары жаңырткан. Орусиянын жараны болуп туруп, Кыргызстандын жараны деген паспортту жасалма документтер менен алган. Болот Темиров Орусиянын жараны экенин билип туруп, Кыргызстандын жараны деген паспорт алуу максатында 2008-жылы 11-июлда паспорт бөлүмүнүн кызматтык адамдары менен сүйлөшүүгө барып, Өзгөн аскер комиссариатына таандык жасалма аскердик билет тапшырган.

Коргоо министрлигинде Болот Темиров аскердик кызмат өтөгөнү тууралуу маалымат жок. Андан тышкары Темиров орус жарандыгын жашырып, 2008-жылы 24-июлда жасалма күбөлүк тапшырган. Кийин бир канча жолу паспортун жаңырткан. Жасалма документтер менен алган паспорту менен мамлекеттик чек арадан элүүдөн ашык жолу өткөн жана мамлекеттик кызматта иштөөгө үлгүргөн.

Журналист Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш ишин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөөсүнө байланыштырып жатат.