Россия Кыргызстанга 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык күн карама майын берди

Бишкекте 135 тонна байытылган буудай уну жана 60 тоннадан ашык байытылган күн карама майы түрүндөгү Россиянын азык-түлүк жардамын тапшыруу иш чарасы өттү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк муктаж үй-бүлөлөргө максаттуу бөлүштүрүүгө арналган.

Ушундай эле акция 20-апрелде Ош шаарында болуп, 675 тонна ун, 60 тонна май тапшырылган.

Аталган долбоор Россия Федерациясынын 2020-2021-жылдарга БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына 9 миллион доллар өлчөмүндөгү ыктыярдуу максаттуу салымынын алкагында ишке ашырылууда.