Таласта 6-класстын окуучусу Улукбек Узакбаев изделүүдө

Таласта 6-класстын окуучусу Улукбек Узакбаев изделүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын тургуну Улукбек Узакбаев изделүүдө. Ал 19-апрель күнү эртең менен мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып барган эмес.

WhatsApp Image 2022 04 21 at 15.31.21 Таласта 6-класстын окуучусу Улукбек Узакбаев изделүүдө

Анын өзгөчө белгилери:

Бою 140-145 см, өңү кара жумал, дене түзүлүшү толугураак, көздөрү жылчыгыраак, бетинде сепкилдери бар.
Кийген кийимдери:Үстүндө ак түстөгү көйнөк, кочкул кызыл жемпир, шымы боз түстө, бутунда кызыл кроссовка.

Улукбек Узакбаевди көргөн билгендер болсо, жакын жердеги 102 кызматына телефон чалып коюну милиция суранат.

Байланыш телефондор: 0771 57 08 76; 0701 14 05 06; 0550 74 33 35