Министр түрк полициясынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

ИИМ: Улан Ниязбеков түрк полициясынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

WhatsApp Image 2022 04 20 at 08.56.38 1 Министр түрк полициясынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

2022-жылдын 19-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков Анкара шаарындагы Ички иштер министрлигинин Коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Туркия Республикасынын Ички иштер министри Сулайман Сойлу келген конокторду борбордун иши, коомдук коопсуздукту жана тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырып, иш бөлмөлөрүн көрсөттү.
Бул Борбордун негизги максаты кризистик кырдаалдар (кылмыштар, жол-транспорт кырсыктары) пайда болгондо жана чечүүдө зарыл болгон ыкчам маалыматтарды кабыл алууну, иштеп чыгууну, эсепке алууну жана талдоону автоматташтыруу болуп саналат.
Андан соң, ИИМдин делегациясы Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев менен биргеликте Анкара шаарындагы Полиция Академиясындагы азыркы учурда окуп жаткан кыргыз милициясынын кызматкерлери менен жолугушуп, окуу процессиндеги маселелер боюнча талкуулашты.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 08.56.36 1 Министр түрк полициясынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты


Андан кийин Анкара шаарынын Калкты каттоо жана жарандык иштер боюнча башкармалыгына барышты. Бул башкармалыкка жарандардын негизги документи болгон паспортторду даярдоо жана берүү, транспорт каражаттарын каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо ыйгарым укугу берилген.


Калкты каттоо жана жарандык иштер боюнча башкармалыктын негизги милдети “бирдиктүү терезе” тутуму боюнча өлкөнүн бардык жарандарына мамлекеттик мүнөздөгү ар түрдүү кызматтарды көрсөтүү болуп саналат. Бул тоскоолдуктарды жана бюрократияны унутуп, аларды толугу менен жок кылууга мүмкүндүк берет.


Ошондой эле, программанын алкагында Жандармериянын башкы командачылыгынын криминалдык департаментинин дирекциясынын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Ал, Турциянын Ички иштер министрлигине коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруу маселелеринде баш ийип, полиция күчтөрүнүн карамагына кирбеген облустардагы коомдук тартипти сактоого жооптуу Куралдуу күчтөрдүн аскердик түзүлүшү болуп саналат.


Улан Ниязбеков туркиялык тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Туркиянын ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашууну жана кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 08.56.39 Министр түрк полициясынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
WhatsApp Image 2022 04 20 at 08.56.37 Министр түрк полициясынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
WhatsApp Image 2022 04 20 at 08.56.36 2 Министр түрк полициясынын коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар координациялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты

ИИМдин Басма сөз кызматы