Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде Баку шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ильхам Алиев өз сөзүндө азербайжан тарап кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын белгилеп, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Азербайжандын президенти белгилегендей, бүгүн экономикалык кызматташуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, көптөгөн документтерге, анын ичинде башкысы – Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлуп, ал кыргыз-азербайжан мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрөт.

Президент Садыр Жапаров Ильхам Алиевге Азербайжанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Тет-а-тет жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген курамда улантат.