Чүй районунда милиция кызматкерлери улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу иштерин жүргүзүштү

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 20-апрель күнү Чүй районунун Искра айыл өкмөтүнүн Искра, Восточное айылдарынын жашоочулары менен милиция кызматкерлери жолугушту. Милициянын көчмө кабылдамасы менен жолугушууга барышкан Чүй РИИБдин начальнигинин орун басары А. Назаралиев, Чүй РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Ы.Сардарбеков жана милициянын аймактык ыйгарымдуу укуктуу өкүлдөрү, балдар менен иштөө инспекторлору жергиликтүү тургундарга улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, элдин суроолоруна жооп беришти.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 15.01.15 Чүй районунда милиция кызматкерлери улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу иштерин жүргүзүштү

Ошондой эле, калк арасында пикир келишпестикти болтурбоо, ынтымакка чакыруу, кайсы гана улут болбосун бири-бирин сыйлоо, окучуулар арасындагы мушташууларды алдын алуу маселелери боюнча жашоочуларга кеңештер берилип, балдарына дагы бул багыттарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну эскертишти. Милиция кызматкерлери окучуулар менен дагы жолугушуп, ынтымак, биримдик жөнүндө маек курушту.

WhatsApp Image 2022 04 20 at 15.01.16 1 Чүй районунда милиция кызматкерлери улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу иштерин жүргүзүштү


Андан сырткары, Чүй райондук милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү” Жарлыгында көрсөтүлгөн маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатын, эскерүү кечелерин өткөрүүдө, үйлөнүү-үлпөт тойлорун жана башка салтанаттарды майрамдоодо ысырапкерчиликти болтурбоо боюнча толук жана туура маалымат беришип, бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.