Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат

Эртең, 21-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Батыш-2” суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштерине байланыштуу 21-апрелде саат 9:00дөн 15:00гө чейин борбор калаанын төмөнкү райондорунда суу берүү токтотулат.

  • Ала-Арча дарыясы — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;
  • Жаш Гвардия бульвары — темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси;
  • Дэн Сяопин проспектиси — Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү — Кулиев көчөсү — Москва – көчөсү – Фучик көчөсү — Казаков көчөсү.