Нуржигит Кадырбеков: “Бекетте тыгын уюштуруп, үч миң сом берсең өткөрүп коем” деген жигиттер жүрөт

Кыргыз-казак чек арасында Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган машиналар арасында жасалма тыгын уюштуруп жатышканын бүгүн 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди:

“Кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп, ошол жерде “үч миң сом берсең өткөрүп коем” деген жигиттер жүрөт дейт. Бул маалымат ошол жердеги кыйналган адамдардан болуп жатат. Бажы жана чек ара кызматтары ушуну текшерип койсун. Чын эле ушундай болсо уюштургандарды “каракчылык” беренеси менен жазалаш керек”.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 20-апрелдин эртең мененки саат 10догу маалыматына караганда, “Ак-Тилек” бекетинде 180дей оор жүк ташуучу машина кезекте турат.

Автоунаалардын кезеги бир нече чакырымга узарган көрүнүш “Ак-Тилектин” жанында соңку бир аптадан бери байкалууда.