Жалал-Абадда эки жаран аттракциондон кулап түштү

Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 16-апрель күнү саат 23:55 чамасында Жалал-Абад шаарынын Жеңиш эс алуу багындагы аттракционго Сузак районунун тургундары 1997-ж.т. бала жана 2004-ж.т. кыз ойногону түшкөн учурда отургуч сынып кетип, жыгылып түшүшкөн.

attraktsion Жалал-Абадда эки жаран аттракциондон кулап түштү

Натыйжада алар денелеринен жараат алышып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган.

Бул окуя “Кокустук” боюнча катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.