Бишкекте 22 адамды кене чакты

Жаз башталгандан бери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна кене чаккан 22 адам кайрылган. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 1 адам иммуноглобулин алган. Шаар тургундарынын арасында кене энцефалити оорусу катталган жок.

Вирустук кене энцефалитин кантип жуктуруп алышыбыз мүмкүн?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирусту алып жүрүүчү кене соргон биринчи мүнөттөн баштап ооруну басуучу шилекей аркылуу берилет:

— вирустук кене энцефалити байырлаган аймактарга (токойлорго, токой парктары, жеке бак-огород тилкелери) барган учурда;

— кене жабышкан жаныбарлар (иттер, мышыктар) аркылуу;

— вирустук кене энцефалити боюнча жагымсыз аймактарда тамак-ашка эчки (көп учурда), кой, уйдун чийки сүтүн пайдаланууда жугушу мүмкүн, кене массалык түрдө каптаган учурда вирус сүттө дагы болушу ыктымал. Ушул себептен улам чийки сүт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичүү керек. Чийки сүттөн эле эмес, ошондой эле андан даярдалган быштак, каймак ж.б. азыктар дагы кооптуу боло тургандыгын белгилей кетүү керек;

— кенени сыгып өлтүргөндө же ал чагып алган жерди тырмаган учурда териге вирус сыйпалганда.