Ошто жарандардын телефондорун алдап алышып, из жашырып жүрүшкөн жубайлар кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 16-апрелде жарандардын телефондорун алдап алышып, из жашырып жүрүшкөн жубайлар кармалышты. Бул тууралуу шаардык милициясынын маалымат кызматы билдирди.

26 жаштагы А.М., жана анын 20 жаштагы И.Г., аттуу аялы бир нече алдамчылыкка шектелип кармалышып, күйөөсү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аялынын боюнда бар болгондугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Экөө тең мурда башка кылмыштары үчүн соттолуп чыгышкан.

Жубайлардын үстүнөн Ош шаарынын аймагындагы жеке такси кызматынын айдоочуларынан арыздар келип түшкөн. Алар айдоочулардын кызматынан пайдаланып, андан соң, мобилдик телефондорун чалып алуу үчүн убактылуу сурап, изин жашырган.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн алдамчылык боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.