«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын сактоо менен ААК болуп кайра уюштурулат

0
27

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомуна кайра уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү, ошондой эле андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

“Кыргыз почтасы” ачык акционердик коому “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленген. 

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашыруусу тапшырылды.

Өзгөртүп түзүлгөн “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленди.

Кабыл алынган чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына шайкеш келгендиги маанилүү.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.