«Электр станциялары» ачык акционердик коомуна жетекчи дайындалды

Эркин Тавашаров «Электр станциялары» ачык акционердик коомуна жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Тавашаров 2021-жылдын февралынан бери «Электр станцияларын» башкарып келген Талайбек Бектеновдун ордуна дайындалган.