Күрөш боюнча Азия биринчилиги бүгүн Улан-Батордо башталат

Бүгүн, 19-апрелде күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат. Аны Дүйнөлүк күрөш уюму жана Азия күрөш федерациясы түз алып көрсөтөт.

Бүгүн килем үстүнө төмөнкү балбандар чыгат:

  • Балбай Дордоков, 55 кг;
  • Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
  • Акжол Махмудов, 77 кг;
  • Мелис Айтбеков, 87 кг;
  • Роман Ким, 130 кг.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.