Кыргызстанда жер эки жолу силкинди

18-апрель күнү Кыргызстанда эки ирет жер титиреди. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Суусамыр өрөөнүндө саат 09:55те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жергиликтүү убакыт боюнча 21:52де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн күчү Керкидан айылында 3 балл, Хауз айылында – 3 баллга жакын сезилген.