
Бүгүн, 19-апрелде күрөш боюнча Азия биринчилиги башталат. Аны Дүйнөлүк күрөш уюму жана Азия күрөш федерациясы түз алып көрсөтөт.
Бүгүн килем үстүнө төмөнкү балбандар чыгат:
- Балбай Дордоков, 55 кг;
- Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
- Акжол Махмудов, 77 кг;
- Мелис Айтбеков, 87 кг;
- Роман Ким, 130 кг.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.