Караколдо бейбаштык кылган шаардык кеңештин депутатынын милдетин аткаруучу кармалды

0
25

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде 19 жаштагы жергиликтүү тургун А.А. ошол эле жылдын 7-апрелинде саат 03:00 чамасында шаардагы түнкү клубдардын биринде мурда тааныш болгон «Чуба» жана «Дани» аттуу эки жигит эч себепсиз сабап кетишкенин билдирген. Жабырлануучунун айтымында, «Чуба» каймана аттуу жигит бут жагына ок чыгарып, коркуткан. Ошол эле маалда «Дани» каймана атту жигит муунтуп, сабап денесине залал келтирген.

Аталган факты Каракол шаардык милициясына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Бейбаштык») негизинде кылмыш иши козголгон.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөрдүн бири кармалган. Ал 27 жаштагы Каракол шаардык кеңешинин «Бирге» партиясынан депутаты «К.М.» болуп чыккан. Кылмышка шектүү «К.М.» аттуу жарандын жеке унаасын тинтүү учурунда. белгисиз маркадагы тапанча, жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын тастыктаган маалымкат алынды. Алынган куралдын маркасын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.

Шектүү К.М күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.